Кыргыз туусу
Кыргыз элим куттуу болсун туу күнүң,
Азаттыктын башталышы бул күнүң,
Түтүн булап чыга берсин түбөлүк
Эч качанда бузулбастан түндүгүң!
Асман тиреп желпилдесин байрагың!
Түгөнбөсүн, боло берсин сайраның,
Сезимимди турганыма курчутуп
Ар дайыма даяр болсун кайрагың.
Каалайм дагы желбиресин желегиң,
Жазгандарым бир сен үчүн белегим,
Бассам-турсам максаттарым оюмда
Калкым үчүн тийсе деймин керегим.
3- март. 2021-жыл.