Атама
Ассаламу алейкум, кандай, атам,
алыс жактан ыпысык салам айтам,
Аман—эсен жүрөспү сак саламат
Ак боз атты колдоочу Камбаратам...
Кусалык бу… сагындым ата, сизди...
Пенси яга чыгып үйдө жатасызбы?..
Кол бошобойт багам деп балачака
Барам бир күн алганы батаңызды...
Атка конгон аксакал убагыңыз
Жетимишке жакындап турагыңыз,
Жүзгө кириң, Аллахка дуба кылам
Куттуу болсун Пайгамбар курагыңыз!..
Автору: Жыргалбек Айтматов, Кадамжай району, Ормош айылы