Чексиз жашоо
Өтүп күнүм,
Согуп турат жүрөгүм.
Ооруп кээде,
Чөгүп кетет көңүлүм.
Канча жашоо,
Мага белек берсең да.
Узаак болсо,
Тузак кылба өмүрүм…..
Бакыт берсең,
Тартып алба табалап.
Бүлүк салба,
Азап берип жазалап.
Чексиз жашоо,
Чектелбесин оо Кудай!
Муктаж жашайм,
Койчу бүтөп, жамалап….
Сыноо берсең,
Сынып түшсөм торуңа.
Койнуң аччы,
Сүйүп тартып бооруңа.
Ыраак кылгын,
Иблис, шайтан, жиндерден.
Жаза бассам,
Салып койчу жолуңа…
Автору: Эркебаев Азиретиавыт Нурбекович, Ош облусу, Чоң-Алай району