Ак кеме
Кусалуумун күтүп жүрөм атаке,
Сагындырбай ала келчи ак кеме.
Үмүт кылып күндө күтөм жолуңду,
Кайгы-муңду артып алып желкеме.
Үшүп барам мээримиң жок энеке,
Үшүтпөстөн ала келчи ак кеме.
Сагынычтан жүрөм күтүп зарыгып,
Ооруп барам куса болуп мээримге.
Жок дегенде “салам” – деп кой энеме,
Унутпастан жеткирчи ээ, ак кеме.
Айылыман кесилишсең капыстан,
Аманатты жеткирчи кой энеме.
Айылыман кесилишсең капыстан,
Ата-энеме күтүп жүрөт дечи ээ..?
Автору: Исанов Медетбек, Өзгөн району, Доңуз-Тоо айылы