21-кылым жыттанат ко бул ырың а!?
Мына ээ ыр жазыптыр бир кыз.Балээ эле экен. Окуп эле оңуп калдым.
Ушуну ыр десе болот да. Окуп атам, эч ким сунуш кылбаса да.Кой ээ, бул ырдан кийин мен кантип ыр жазамын аа?Окуп жыргап эле калдым. Бул кыздын ыры нан жыттанат, тээклассиктер жыттанат. Нан болсо баары болот. Акетай оо, булырда баары бар. Мына, «лайксыз» эле оку жыргап. Эми анальгиндин сага кереги да жок да. Мээм жыргады го!Окуй берип сергидим! Жазсаң ушинтип жаз ээ!?Болбосо ичими өткөрбө дарысыз эле.Ырахмат ээ, Жыпар кыз! Бу кыз кантип жазды десең аа?Жазып ийди ырдын чоң акесин. Пай-пай, сонун ыр! Жыпар Исабаеванын ырын окугулачы:
Менин эски дептеримКереги жок мага башка нерсенин,
Бирин гана тандай турган келсе күн,
Тандаар элем көп бакыттын ичинен,
Жүрөгүмдүн ачкычын таап келсе ким…
Балким эссиз, балким эпсиз эркемин,
Койдура албай жүрөгүмдүн тентегин,
Ошол жакта кымбат нерсем калгандай,
Шарактата берем эски дептерим…
Кээсин эстеп, кээсин таппайм. Эх менин
баркын билбей, желге учурган кездерим…
Түк ойлонбой сүйөт элем, жоготкон
күндөрүмдү таап келип берсе ким…
Карда калган, жамгыр жууган издерим,
Ойдон, тоодон келе берет издегим…
Коё турчу… сен таап алган жок белең,
Башкача бир – күлүмсүрөй тиктедиң.
Автору: Жыпар Исабаева